Ахматбек Келдибеков: Жапаров өз коопсуздугу үчүн курал сактаган

Камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров өз коопсуздугу үчүн курал сактаган. Бул тууралуу аталган фракция мүчөсү Ахматбек Келдибеков "ВБ"га берген интервьюсунда билдирди.

Анын айтымында Жапаров өзүна карата бир нече ирет телефон чалып коркутуу болгонун айткан.

Кечээ "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча 1000ге жакын тарапкер митингге чыгышкан. Анын демилгечиси Садыр Жапаров болгон.

Бүгүн түнү "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жана аталган партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев МУККнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган. Кийин Жапаровдун машинасынан Калашников автоматын, травматикалык жана Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен 10 бронежилет табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД