Камчыбек Ташиевдин жараатынан доктурлар өзгөчөлөнгөн эч нерсе табышкан жок

Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиевдин жараатынын өзгөчөлөнгөн эч кандай зат табылган жок. Бул тууралуу "ВБ"га президенттик иш башкармалыгынын ден соолукту чыңдоо бирикмесинин башкы врачы Марат Сагынбаев билдирди.

Кечээ "ВБ"га берген интервьюсунда "Ата-Журт" партиясынын лидери анын бутуна желим октор тийиши мүмкүндүгүн айткан.

Доктурлардын айтымында Камчыбек Ташиевдин куралдан алган жарааты жок. Жараат жыгылганда же учтуу нерсеге тийип пайда болушу мүмкүн.

Сагынбаев Камчыбек Ташиевдин үч жарааты бар экенин белгиледи. Жарааттын экөө тытылгандан пайда болгон. Болгону бир жарааты гана этине "кирип" кеткен. Бардык жарааты жуулуп таңылган.

"Бейтап өз алдынча басып, өзүн жакшы сезип атат", - дейт доктур.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД