Зарылбек Рысалиев: Митингден кармалгандар арасында эки өспүрүм да бар

""Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча митингге катышып кармалгандар арасында 2 өспүрүм да бар". Бул тууралуу Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында 3-октябрда Башкы прокуратуранын чечимине ылайык кылмыш иши козголду.

"Кечки саат 21.30 чамасында үч жаран кармалган. Алардын жанында "Сайга" куралы жана травматикалык тапанча табылган. Кармалгандардын бирөө курал Ташиевге тиешелүү экенин айткан", - дейт Рысалиев.

Ал ошондой эле куралдын 35 огу табылганын, ал кармалгандардын бирөөсүнө катталганын кошумчалады.

"Азыр окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Түнкү саат бирлер чамасында дагы 3 жаран кармалды. Алар түшүндүрмө берип, митинг учурунда темир тосмодон аттап өткөндүктөрүн айтышты. Биринчи Май РИИБине 19 киши алынып келинген, алардын экөө жашы жете элек өспүрүмдөр. Ата-энелери келбегендиктен биз аларды балдар борборуна бердик. 12 кишиге карата чара көрүлдү", - дейт Рысалиев.

Ал "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров да кармалганын белгиледи. "Садыр Жапаровдун машинасынан Макаров тапанчасы, травматикалык тапанча, Сайга куралы табылган. Үч курал тең Жапаровго тиешелүү. Иликтөөгө ылайык бардык куралдар ИИМдин картотекасынан өтөт", - деп кошумчалады Рысалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД