Аида Салянова: Кармалгандарга карата кылмыш ишинин беренеси өзгөрүшү мүмкүн

"Оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдорго карата кылмыш ишинин беренеси өзгөрүшү мүмкүн". Бул тууралуу баш прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Анын айтымында депутаттарга карата кылмыш иши Кылмыш кодексинин 295-беренеси "Күч колдонуп бийликти басып алуу" боюнча козголгон.

"Аракеттер толугу менен бүтпөй калган, статья кол салуу боюнча бааланууда. Бул статьяга ылайык 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул оор кылмыштардын катарына кирет. Экинчиси, 297-берене "Конституциялык түзүмдү бузууга карата коомдук чакыруу". Мындай чакырыктар анын жыйынтыктарына карабастан адам эркине, түшүнүгүнө таасир берет. Чакырыктык өзү кылмыштын өзөгүн түзөт. Мындай шартта 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган", - дейт Салянова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД