МУКК: Биз Жогорку Кеңеш депутаттарын ургудай акмак эмеспиз

Биз Жогорку Кеңеш депутаттарын ургудай акмак эмеспиз. Бул тууралуу "ВБ"га Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

МУКК кызматкеринин айтымында депутат Талант Мамытов МУККнын убактылуу кармоочу жайынан денеси көгөрүп, териси сыйрылды деген диагнозу менен медициналык мекемеге которулду.

МУКК кызматкерлери Мамытов бул жарааттарын "Ак үйдүн" темир торунан аттап өтүү учурунда алган.

Камчыбек Ташиев Мамытов менен бирге темир тордон аттап өтүп, аскер кызматкерин токмоктоп баштаган. Ушундай улам Мамлекеттик коргоо кызматы (МКК) жана МУКК аларды арачалаган. Депутаттардын аларды МУКК кызматкерлери сабады деген билдирүүлөрү чындыкка жатпайт", - дейт атайын кызматтын өкүлү.

Ал Мамытов баштаган депутаттар МУККнын имаратына алынып келингенден кийин аларга карата сурак болгонун кошумчалады. Тергөөчүлөр тарабынан Мамытовдун денесинде көгала жана сыйрылган жерлер бар экени аныкталган. Бул жараттын бардыгы "Ак үйдүн" аймагынан алган. МУКК имаратынан алган эмес.

"Биз депутаттарды сабагыдай акмак эмеспиз. Биз ар бир кылган аракетибиз үчүн жооп беребиз", - дейт ал.

Эске салсак, "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча 1000ге жакын тарапкер митингге чыгышкан. Анын демилгечиси Садыр Жапаров болгон. Чогулган эле "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин чакырыгынан кийин, "Ак үйдүн" темир торлорун аттап өтүүгө аракет кылышкан. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш чыгаруучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык баш аламандыктан 12 киши жабыркап, алардын 7өөсү ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын 9у милиция кызматкери.

Бүгүн түнү "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жана аталган партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев МУККнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД