Жумабеков Казакстандын саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн сыйланды

27-28-сентябрь күндөрү Казакстандын Петропавл шаарында өткөн эл аралык "Жол кырсыгы учурунда медициналык жардамды уюштуруу. Травматология жана ортопедияда дарылоо жана диагностиканын инновациялык технологиялары" аттуу илимий-практикалык конференцияда академик Сабырбек Жумабековго "Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун пресс-кызматы билдирди.

Илимий жыйында академик С.Жумабековдун Алматы шаарындагы балдар үйүнө көзөмөл кылып, жардам берип турганы баса белгиленди. Андан сырткары, жыл сайын омуртка, муун жана түрдүү сөөк оорулары менен Казакстандын 1500дөн ашуун жараны С.Жумабековдун көзөмөлү астында Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жана операция болуп кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД