2013-жылдан баштап парламентте мыйзам долбоорлор мамлекеттик тилде жазылат

2013-жылдан баштып парламентте бардык мыйзам долбоорлор мамлекеттик тилде жазылып, андан кийин расмий тилге керек болсо которулат. Бул тууралуу 4-октябрдагы парламент жыйынында мыйзам долбоорунун автору Курмантай Абдиев билдирди.

Ал документти добуш берүүгө коюу керектигин белгилесе, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев буга макул болгон жок.

Ал өткөн жумада мыйзам долбоору добуш берүүдө өтпөй калганын белгиледи.

"Кайтадан добуш берүү Жогорку Кеңештин регламентинде каралган эмес", - дейт Текебаев.

Талкуу учурунда, 27-сентябрда аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибине кирип, бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам аны депутаттар карабай калгандыгы белгилүү болду.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү нормативдик-укуктук кагаздарды кыргыз тилинде гана жазуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД