Президент: Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек

Кечээ, 4-октябрда президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр, башкы прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тийиштүү органдын жетекчилери 3-октябрда "Ала-Тоо" аянтында болгон окуя боюнча жүргүзүлүп аткан иликтөө жөнүндө маалымат беришти.

Президентке митингди уюштуруучуларга карата жасалган аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Мамлекет башчы укук коргоо органдары иликтөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүшү керектигин белгиледи. "Эгер кимдир бирөө мыйзамды бузса, ал мыйзам чегинде жооп бериши керек. Бардыгы мыйзам чегинде болушу кажет", - дейт мамлекет башчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД