Адабий конкурска катышуу үчүн 10 мамлекеттен авторлор табыштама беришти

24-25-ноябрда Бишкекте Open Central Asia Book Forum & Literature Festival 2012 иш-чарасынын алкагында өтө турчу конкурска он мамлекеттен авторлор табыштама беришти. Алар Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Орусия, Украина, Улуу Британия, Канада, Болгария. Өз эмгектерин 50дөн ашык катышуучу жөнөткөн. Бул тууралуу "ВБ"га уюштуруу комитетинин мүчөсү Марат Ахмеджанов билдирди.

Ал табыштамаларды кабыл алуу 30-октябрга чейин узартылганын кошумчалады.

Эске салсак, конкурска жиберилген иштер "Адабий чыгарма", "Иллюстрация" жана "Көркөм котормо" болуп үч категория боюнча бааланат.

Үчүнчү орунду алган жеңүүчүгө "Үчүнчү даражадагы лауреат", экинчи орунду алганга "Экинчи даражадагы лауреат" деген наам берилет. Биринчи орунга "Биринчи даражадагы лауреат" наамы берилип, Лондондогу Hertfordshire Press басма үйүнөн китеби чыгарылат. Ошондой эле жазуучулардын London Book Fair 2013 иш-чарасына да катышат.

Эске салсак, "ВБ" интернет-редакциясы фестивалдын маалыматтык өнөктөшү жана адабий конкурстун алкагында өзүнүн "Публицистика" номинациясын киргизүүдө.

Маалымат үчүн

Жеңүүчүлөрдү адабий комиссия аныктайт. Алардын катарына уюштуруу комитетинен жана адабият, басылма жаатындагы эксперттер кирет. Конкурстун жыйынтыгында 10 жеңүүчү тандалат. Алар китеп форумуна жана адабий фестивалга белгилүү авторлор менен биргеликте катыша алат. Адабий конкурстун жеңүүчүлөрү өз китептеринин бет ачарын Open Central Asia Book Forum & Literature Festival иш-чарасынын алкагында жасай алышат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты фестивалдын жүрүшүндө ишке ашат.

Конкурстун байге фонду 10 миң фунт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД