Бишкек-Ош автожолун митингчилер менен көпкө созулган сүйлөшүүдөн кийин

Бишкек-Ош автожолун митингчилер менен көпкө созулган сүйлөшүүдөн кийин ачышты. Бул тууралуу "ВБ"га авто тыгында турган айдоочулар билдиришти.

Айдоочулардын айтымында, кечээ, 4-октябрда Бишкек-Ош кан жолун Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери тосуп алышкан.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ташиевдин тарапкерлери менен сүйлөшүүдөн кийин кечки саат 22.30 чамасында жол ачылган.

Буга чейин "ВБ" МУККнын убактылуу кармоочу жайына камалган "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери Бишкек-Ош жолун тосуп алгандыктан бир нече чакырымга созулган авто тыгын пайда болгондугун кабарлаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД