Парламентте жеке клиникаларга трансплантация кылууга уруксат берүү сунушталды

Бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Игорь Гусаров "Органдарды транслантациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоорунда оорулууга туугандарынын органдарын трансплантациялоодо бир гана мамлекеттик мекемелерге эмес, жеке клиникаларга да уруксат берүү сунушталган.

"Катуу ооруларда абалдан чыгыуунун бир гана жолу бул трансплантация жасоо. Мен АКШда трансплантация жасатып, азыр өзүмдү жакшы сезип атам", -деп Гусаров өзүн мисал келтирди.

Анын айтымында Кыргызстанда 37 киши салынган бөйрөк менен жашап жүрүшөт. Бирок алардын бирөө да бизде жасалган эмес, анткени тийиштүү жабдыктар жок.

"Ошол эле убакта кишилер бөйрөктү, боорду жана жүрөктү транслантациялоого көп муктаж болуп атат", - дейт Гусаров.

Депутаттын баамында мамлекеттик клиникаларда азырынча квалификациясы жогору адистер жана керектүү жабдуулар жок.

"Мыйзам долбоору бюджетке оордук жаратпайт", - деп кошумчалады Гусаров.

Көпчүлүк депутаттар мыйзам долбооруна карата терс көз караштарын билдиришти.

КСДП фракциясынын депутаты Эркин Сакебаевдин айтымында Кыргызстандагы жашоо деңгээли жеке клиникаларда органдарды алмаштырууга жете элек.

Асылбек Жээнбеков Гусаровдун маселесин чечүү керектигин билдирди.

"Чет жакта трансплантация жасатуу кымбат, аны бардыгы эле көтөрө албайт. Мамлекет да бир нерсе кылыш керек. Биздин борбордо бир да операция жасалган эмес. Адистер жок. Бизде операция жасала тургандай шарт түзүш керек", - деген оюн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында мамлекеттик ооруканаларга каражат бөлүш керек же болбосо, жеке медициналык мекемелерге органдарды алмаштыруу операциясын жасоого уруксат бериш керек.

Жалпысынан Жээнбеков мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макул, бирок бардык кооптонуу жарата турчу жагдайларды да эске алыш керек.

Мыйзам долбоорун КСДП кайра иштеп келүүгө жөнөттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД