Куткаруучулар дааратканагы түшүп кеткен аялды чыгарышты

Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Биринчи Май районуна караштуу Тоголок Молдо көчөсүндөгү жеке менчик үйдүн дааратканасына түшүп кеткен аялды чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык окуя кечээ болгон. Аялга куткаруучулар биринчи медициналык жардам да беришкен.

Ошондой эле кечки саат 18.35 чамасында Манас проспектисиндеги №61-үйдүн 178-батиринин жана саат 19:20да Толстой көчөсүндөгү №22 үйдүн 5-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД