Октябрь районунда жоголгон эки кыз табылды

Бишкек шаарынын Октябрь районунда эки кыз жоголду. Бул тууралуу шаардык ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Милицияга кечээ, 4-октябрда күндүзгү саат 12.30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон жети жана тогуз жаштагы кыз кайтып келбегендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аларды издөөгө шаардык ИИБдин ыкчам-иликтөө тобу тартылган.

Жоголгон кыздар табылып, ата-энесине тапшырылган. Тартип коргоочулар аларды үйдөн алыс эмес жерден табышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД