Абдраев: ID-картты өздүктөштүрүүнү мамлекет колго алат

"ID-картты өздүктөштүрүүнү мамлекет колго алат. Өкмөттүн чечими ушундай", - деп "ВБ"га берген интервьюсунда Мамлекеттик каттоо кызматынан төрагасы Бектур Абдраев билдирди.

Анын айтымында "Интел Линкс" компаниясы ички паспортторду өздүктөштүрүүнү тийиштүү келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу токтотту.

"Биз өкмөттүн кароосуна эки вариантты алып чыктык – "Интел Линкс" компаниясы менен келишимди узартуу же өздүктөштүрүү укугун мамлекеттик "Инфаком" ишканасына берүү. Өкмөт бул маселени "Инфакомдун" пайдасына чечип берди. Ал паспортторду өздүктөштүрүүгө даяр. Техникалык жагын жана имараттын өрт коопсуздугун гана чечүү калды", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД