Депутат: Кыргызстандыктардын паспортун мамлекеттик ишкана даярдашы керек

"Кыргызстан жарандарынын паспортторун мамлекеттик ишкана даярдашы керек", - деп "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Жыйында фракция лидери Феликс Кулов КР жарандарынын маалыматтык базасына кимдер кире алат деп мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Эрлан Сапарбаевден сурады.

Сапарбаев бардык маалымат калкты каттоо департаменти аркылуу өтө турганын белгиледи.

"Бирок, МКК башчысы ага кире албайт. Бузулган документтерди жок кылуу протокол аркылуу ишке ашат. Бузулган бланктарды "Интел Линкс" ЖЧКсы бизге жиберет", - дейт Сапарбаев.

Өз кезегинде Турсунбай Бакир уулу паспортту жеке чет элдик менчик компания эмес мамлекеттик компания даярдашы керектигин белгиледи. Анын баамында кээ бир маалыматтар үчүнчү жакка берилип кетүү ыктымалдыгы бар. "КР паспортторун террористтер, жеңил ойлуу кыздар, чет жакта жашаган жарандар алып атат деген маалыматтар бар", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД