Кыргызстанда финансылык омбудсмен институту түзүлөт

Кыргызстанда финансылык омбудсмен институту түзүлүп, көйгөйү бар карыз алуучулардын арыздары боюнча иштейт. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Нурлан Ибраев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында карыз алуучулардын негизги көгөйү болуп финансы боюнча жетиштүү сабаттуулугу жоктугу болууда. "Улуттук банк финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштоодо", - дейт ал.

Ибраевдин айтымында учурда Кыргызстан боюнча 800 миң карыз алуучу бар, алардын бир пайызга жетпегени көйгөйлүү карыз алуучу.

"Жыл башынан бери микрофинансылык компаниялар тарабынан ар бир арыз каралган", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД