Максат Сабиров "Кумтөр" боюнча токтом алмаштырылган деп билдирди

"Республика" фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Максат Сабиров "Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниясынын ишмердигин текшерген өкмөттүк комиссиянын токтому алмаштырылгандыгын билдирди.

Сабировдун айтымында алтын өндүрүүчү компанияны актоо максатында экологияга келтирилген зыянды жашыруу үчүн документ алмаштырылган.

Эске салсак, июнь айында "Кумтөр Оперейтинг компани" ЖАКынын ишмердиги жана өкмөт менен түзүлгөн келишимдер боюнча "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров доклад жасаган. Талкуудан кийин Жапаров Жогорку Кеңештеги профилдик комитетке келишим түзүү боюнча өзүнүн вариантын сунуштаган. Бирок, Жапаровдун отчету боюнча токтомду өзгөртүлгөн түрдө кабыл алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД