"Манас-2" терминалынын ачылышында Сатылганова менен Атабеков ырдайт

Кыргызстанда бүгүн жарандык авиация күнүнүн урматына эл аралык "Манас" аэропортунда "Манас-2" кичи терминалынын ачылышы болот.

Терминалды ачууда концерттин программа пландалган. Анда Кыргызстандын белгилүү ырчылары Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана опера ырчысы Марат Ибраев катышып, суу жана магия шоулары коштойт.

Аэропорттун маалымат кызматынан билдиргендей жаңы заманбап имарат жогорку мамлекеттик кызматта иштегендерди жана расмий делегацияларды тосууга ыңгайлашкан. Кичи терминал негизги терминалдан 600 метр алыс жайгашып, аэропортко кире турган трассада орун алган. Владимир Путинди жана Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинин катышуучулары дал ушул кичи залдан күтүлүп алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД