Сапарбаев "Интел Линкс" жана өкмөт тууралуу суроолорго жооп бере алган жок

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Эрлан Сапарбаев журналисттердин "Интел Линкс" менен болгон келишимди узартуу боюнча өкмөткө дагы бир жолу сунуш болобу деген суроосуна жооп бере алган жок.

Эске салсак, "Ар-Намыс" фракциясынын бүгүнкү жыйынында өкмөт МККга эки жума ичинде паспортторду өздүктөштүрүү боюнча мамлекеттик борборду даярдоо милдети айтылгандыгы маалымдалган. Ошондой эле буга чейин паспортторду өздүктөштүрүп келген "Интел Линкс" жеке компаниясы менен келишимди узартуу четке кагылгандыгы да айтылган.

"Биз өкмөткө эки вариант сунуштадык. Анын ичинде "Интел Линкс" компаниясы менен келишимди узартуу да бар болчу. Бирок, өкмөт паспортторду өздүктөштүрүү боюнча мамлекеттик борборду түзүү чечими кабыл алынып, бизге аны даярдоо үчүн эки жума берилди", - дейт Сапарбаев.

Ал эми "ВБ"нын эгер аталган борбор эки жума ичинде даяр болбой калса МКК "Интел Линкс" компаниясы менен келишимди кайтадан узартууну сунуштай алабы деген суроосуна, Сапарбаев: "Муну өкмөт чечет. Мен андай чечим кабыл алалбайм", - деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД