Жүргүнчүлөрдү ташыган автобустан бир килограммдан ашык кара куурай табылды

Бишкек-Талас каттамындагы автобустан укук коргоо органынын кызматкерлери бир килограммдан ашык кара куурай табышты. Бул тууралуу Чүй ИИББдын маалымат кызматы билдирди.

Түндө "Чалдыбар" текшерүү пунктунан автобус текшерүүгө алынып, эркек кишинин курткасы салынган баштык табылган. Куртканын ичине 60 желим баштыкка тигилип катылган кара куурай табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД