Адвокат: Мени эки сааттан бери Садыр Жапаровго киргизбей атышат

Мени эки сааттан бери Садыр Жапаровго киргизбей атышат. Бул тууралуу камалган депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында бүгүн, 5-октябрда, ал МУККнын имаратына келип, өзүнүн жактоочусу менен жолукмак. Бирок ага МУККнын аймагына кирүүгө да мүмкүндүк берген эмес.

"Мен тергөө тобунун жетекчиси менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал абалды жөнгө сала тургандыгын айткан. Бирок мени баары бир киргизишкен жок", - дейт Токтосунов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД