"Кыргызалтын" Жапаровдун 30 млн. сомду "жеп алды" деген сөзүн жокко чыгарды

"Кыргызалтын" ААКы "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун компания 30 млн. сомду "жеп алды" деген билдирүүсүн жокко чыгарды.

"Жогорку Кеңеш депутаты Садыр Жапаров буга чейин бир нече жолу мекемеге "Кумтөр" долбоору боюнча дивиденттерден калган 30 млн. сомду максатсыз пайдаланган деп келди".

"Кыргызалтындан" билдиргендей бул каражат атайын эсепте турат жана кайда жумшала турганы анык. Ал мекеменин өндүрүш ишмердигин өнүктүрүүгө, Кылдоо кенин өздөштүрүүгө жумшалат.

"Дээрлик бир жылдан бери ""Кыргызалтын" ААКы аталган жерде иштерди баштоо үчүн жерди бөлдүрө албай келет. Аталган каражат дагы деле колонула элек", - деп айтылат компания тараткан бидирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД