Биринчи Май районудук сотунун алдына милиция тизилүүдө

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын баш коргоо чарасын кароо боюнча чечим кабыл алынмак. Имараттын алдына милициялар тизилүүдө.

Ондон ашык милиция кызматкери учурда Линейный көчөсүндө турушат. Автобус менен атайын кызматтын өкүлдөрү да келишти.

Эске салсак, 3-октябрдан 4-октябрга караган түнү "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 48 саатка камакка алынган.

Башкы прокуратура үч депутатка каршы кылмыш ишин козгогон.

Депутаттардын жактоочулары райондук сот имаратанын алдында митинг кылууга ниеттенишүүдө. Жыйын алдын ала маалымат боюнча 16.00-17.00 болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД