Адвокат: Мамытов митингчилерге Асылбек Жээнбековдун тапшырмасы менен чыккан

Депутат Талант Мамытов митингчилерге Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековдун тапшырмасы менен чыккан. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Искендер Журабаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Мамытов митингчилердин талабын угуп, төрагага жана Жогорку Кеңеш мүчөлөрүнө жеткириш керек болчу.

"Мамытов кыйчалыш абалдын курмандыгы болуп калды. Мен спикерден көрсөтмө алууну өтүнөм", - дейт Журабаев.

Адвокат доо арыз менен кайрылуу ниети бар экенин билдирди. Ал жактоочусуна эркинен ажыратуудан башка бардык чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи. "Ал денесинен жараат алды. Ал стационардык дарылануудан өтүшү керек", - дейт адвокат.

Ал ошондой эле Мамытовдун "Ак үйдүн" темир торунан ашып өтүү фактысын жокко чыгарбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД