Ташиевдин Жалал-Абаддагы тарапкерлери Атамбаевдин кабыл алуусун күтүүдө

Учурда депутаттардын Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы тарапкерлери Биринчи Май райондук сотунун чечимин күтүүдө. Бул тууралуу "Ата-Журт" партиясынын саясый кеңешинин төрага орун басары Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, эгер сот камакка алынган Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бошотпой камакта калтыра турган болсо, "Ата-Журт" митингчилердин андан аркы аракеттерине жооп бербейт. "Биз азыр элди кармап турабыз, баары толкунданып соттун чечимин күтүүдө. Эгер сот депутаттарды эки же үч айга камакка ала турган болсо, анда биз митингчилердин аракеттерин тескей албайбыз", - дейт ал.

Жаныкулов учурда Ташиевдин Жалал-Абаддан келген тарапкерлери президенттин кабыл алуусун күтүп отурганын белгиледи. "Алар Жалал-Абаддан келип, бул маселенин каралашын суранууда", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД