Депутат: 74 кишини сураганда атамекенчилердин талап-тоноо фактысы такталган жок

"Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсү боюнча суракка алынган 74 кишинин көрсөтмөсүнөн соң "Ата Мекен" депутаттарынын талап-тоноого катыштыгы бардыгы аныкталган жок. Тергөө көргөзгөндөй, суракка алына турчулардын саны чексиз", - деп "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, талап-тоноо фактысын иликтөө боюнча комиссиянын мүчөсү Бактыбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, 10-октябрда ИИМ тергөө иштеринин жыйынтыгын чыгарат. Ошондой эле бул мөөнөткө чейин депутаттык комиссия да өз ишин аяктайт. "Кыргызстандагы демократиянын ушундай абалга жетти, темир тор артында отурган кишинин көрсөтмөсү менен депутаттык комиссия түзүлүп отурат", - дейт Калмаматов.

Ал аталган комиссия объективдүү иштей турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД