Адвокат: Митинг учурунда Талант Мамытовго белгисиз солдат кол көтөргөн

"Ата-Журт" партиясынын депутаты Талант Мамытовду 3-октябрдагы митинг учурунда сабашкан. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Искендер Журабаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, баш аламандык учурунда депутатка белгисиз солдат кол көтөргөн. "Ал жумушуна баратканда аны "Ак үйдүн" аймагынан митингчи деп кабыл алышкан", - дейт адвокат.

Журабаев депутат МУКК кызматкерлери тарабынан сабалбагандыгын белгиледи. "Азыр Мамытовдун абалы канааттандырарлык. Эки күндөй биз анын кайда экенин билген жокпуз. Болжол менен эки саат мурун ал менен жолугуша алдык", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД