Кубат Оторбаев: КТРК Кыргызстандын 95 пайыз аймагында тартат

"КТРК Кыргызстандын 95 пайыз аймагында тартат", - деп парламенттик көпчүлүктүн жыйынында КТРК директору Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында мындай маалыматты "Кыргызтелеком" берген. "Маалым болгондой өтө алыс жайгашкан 7-8 айылда КТРК тартпайт. Ал жакта тарттыруу үчүн керектүү техникалык жабдыктар керек, алардын баасы абдан кымбат. Мисалы Казакстанда өтө арзан, анткени аймагынын көпчүлүгү түздүк", - дейт Оторбаев.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты, вице-спикер Асия Сасыкбаева Кыргызстанда бир нече канал иштеп атканын белгиледи. "Улуттук коопсуздукка шек келиши мүмкүн. КТРК көпчүлүк аймактарды камтыш керек. Эгер муну КТРК жасай албаса, анда башка каналдар ээлеп алат", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД