МУКК гимназияда окуган "телефон террористин" кармады

4-октябрдагы ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (МУКК) тарабынан №6 мектеп-гимназиясында окуган өспүрүм У.М. кармалды. Анын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан №901 дарыканага жарылуучу зат коюлган деген анонимдүү чалууга тийиштиши болгон.

4-октябрда МУККнын нөөмөт бөлүмүнө саат 12.55тер чамасында аталган даректе жарылуучу зат катылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалымат түшөөрү менен МУККнын кинолог-адистери шашылыш келишкен. Дыкат текшерүүдөн кийин эч кандай жарылуучу заттын катылгандыгы аныкталган эмес. Учурда МУКК аталган иш боюнча маалыматты топтоп, ага укуктук баа берип, кылмыш ишин козгоону карап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД