Майчиев: Мыйзам боюнча тандоочулар өз ишеними аркылуу сотторду өткөрө алат

"Соттордун статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык сот корпусуна талапкерлерди Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү өз ишенимдерине жана принциптерине таянуу менен добуш бере алат. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, "Коомдук анализ институту" коомдук фондунун активистери сотторду тандоо объективдүү жана чабал болуп аткандыгын бир нече жолу билдиришкен. Алардын баамында соттор алгачкы эки турда канча балл алгандыгына карабастан конкурстан өтүп кетип атат. Алар Конституциялык палатага кесипкөй адистер эмес, тандоо органына жаккан талапкерлер тандалып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар дешет.

"Соттордун статусу жөнүндө" мыйзамда Кеңештин мүчөлөрү биринчи, экинчи турдун жыйынтыктарынан башка өз ишенимдерине, принциптерине карап да добушун кайсыл бир талапкерге бере алат", - дейт Майчиев.

Эске салсак, бүгүн сотторду тандоо боюнча үчүнчү тур болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД