Жолдошова коллегаларынын кадамы "акылга сыйбаган" аракет эле болгонун билдирди

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун жасаган кадамдарын колдобой тургандыгын, бирок алардын аракеттеринде бийликти басып алууга аракет болбогонун жана бул акылга сыйбаган кадам болгонун билдирди.

Ал президент Алмазбек Атамбаев даанышмандык чечим кабыл алып депутаттарды бошотот деп ишенет. "Ал ушундай жол менен Кыргызстанда демократиянын өнүүгүсүн сактап кала алат", - дейт Жолдошева.

Ал келечекте мындай кадамдар кайталанбаш үчүн президент камалган "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары менен президент катарында эмес, соратник катары сүйлөшүшү керек деп эсептейт. "Мына ошондо гана биз Алмазбек Атамбаевден Айкөл Манастай кечиримдүүлүктү көрө алабыз", - дейт Жолдошева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД