Айнуру Алтыбаева: "Кумтөрдү" улутташтыруу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес

"Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКын текшерүү боюнча комиссиянын мүчөсү, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева "ВБ"га берген маегинде мурдагы президенттер убагында Кыргызстан менен Канадалык компаниянын ортосундагы келишимдер адилетсиз түзүлгөнүн, бирок камалган депутат Садыр Жапаровдун алтын кенин улутташтыруу тууралуу талабы суу кечпей турганын билдирди.

Анын айтымында, келишимдерди сөзсүз түрдө кайра карап чыгуу керек, себеби ал Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес.

Ал митинг уюштуруу Жапаровдун укугу экенин айтып, бирок анын талаптары менен макул эместигин билдирди.

"Биз өз мыйзамдарыбызды жана өз эрки менен келип аткан инвесторлорду сыйлашыбыз керек. Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин маалында түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуубуз зарыл. Анткени адилетсиздик орун алган көп учурлар бар", - дейт эл өкүлү.

Депутат ошондой эле Кумтөр менен иштөө шарттарын өзгөртүү керек деген сунушун айтат.

"Дүйнө жүзүндө иштөө боюнча бир форма кабыл алынган: өндүрүлгөн продукцияны бөлүп алуу менен бардыгы иштешет. Эгер эң аз дегенде 50 пайыз алтын Кыргызстанда калса адилеттүүлүк болмок. Ал эми Өзбекстанда бул көрсөткүч 70 пайызга чейин жетет", - дейт Алтыбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД