Бишкек шаардык кеңеш шайлоосуна катышуу үчүн эки гана партия билдирме берди

КСДП жана "Ата Мекен" партияларынын өкүлдөрү Бишкек шаардык кеңеш шайлоосуна катышуу үчүн билдирмелерин беришти. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Альфред Жаркембаев билдирди.

Анын айтымында жогоруда аты аталган эки саясый уюм партиялык тизмесин дагы деле бере элек.

Эске салсак, 15-октябрь партияларды каттоонун акыркы күнү.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешке шайлоону 25-ноябрга белгилеген. Боршайкомдон билдиргендей шайлоо Бишкек шаарынан башка 24 шаарда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД