Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору алмашты

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору Исмаилов Уланбек милдеттерин аткаруудан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Премьер-министрдин башка буйругу менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп Абдылдаев Шералы дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД