Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн

Бүгүн 8-октябрда, Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0...-3 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн кооптуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД