Рысалиев: Суталинов чек арадан өткөндүгү жөнүндө ИИМ кызматкерлери билдирген

"Биздин кызматкерлер Мурат Суталиновдун "Ак-Жол" постунан чек арадан өткөндүгү жөнүндөгү фактыны тастыкташат", - бул тууралуу 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча соттун отурумунда Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди.

Сотто күбө катары өтүп аткан министр "Кызматкерлердин атын атай албайм", - дейт.

Зарылбек Рысалиев Суталинводун качан чек арадан өткөндүгү тууралуу так маалымат жок экенин кошумчалады. Ал ошондой эле Суталиновдун Кыргызстанга киргендиги тууралуу бир кызматкер рапорт түрүндө билдиргенин белгиледи.

Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев эмнеге издөөдө жүргөн Суталиновдун чек арадан өткөнүн каттаган ИИМ кызматкери эч кандай чара колдонгон эмес, деп суроо узатты. Өз кезегинде Рысалиев алардын андай аракеттерди кылууга укугу жок болчу, - деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД