30 тонна ун ташыган Ман-Фура үлгүсүндөгү машина Чычкан дарыясына түшүп кетти

7-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында (Токтогул району) Ман-Фура үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөгө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык машинада 30 тонна ун болгон. Окуя болгон жерге КР ӨКМнын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу чыгышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД