Жалал-Абадда 700дөй киши митингге чыкты

Жалал-Абад облустук ИИБнын маалымат катчысы Таалайбек Суусунбаев обладминистрация имаратынын алдында Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапкерлери митингге чыкканын "ВБ"га билдирди.

"Нааразы болгондор тынч митинг уюштуруп, үч депутатты бошотууна талап кылышууда", - дейт ал. Ал ошондой эле митингчилер тарабынан эч кандай мыйзам бузуу катталбаганын кошумчалады.

Суусунбаевдин айтымында абалда толугу менен укук коргоо органдары көзөмөлдөп турушат.

Учурда митингчилердин саны 700дөй кишини түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД