Кумтөрдөн алынган анализдер Германия жана Чехиянын лабораторияларында текшерилет

"Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын ишмердигин текшерген өкмөттүк комиссия Кумтөрдөгү суунун, топурактын салыштырмалуу химиялык анализин жасоо үчүн эл аралык көз карандысыз эки лабораторияны тандашты. Бул тууралуу "ВБ"га мамлекеттик комиссия катчылыгынын жетекчиси Курманбек Молдокулов билдирди.

Анализди жасоо үчүн чехиялык GeoMin жана Германиялык айлана-чөйрөнүн гигиена жана токсикологиясы институт лабораториясы тандалды.

Бул лабораториялар "КОК" ЖАКынын жана КР мамлекеттик изилдөө лабораториясынын чыгарган салыштырмалуу анализинин аныктыгын текшерет.

Келишимге кол коюу чех жана немис адистеринин Бишкекке келиши менен 11-октябрда болору күтүлүүдө. Анализдерди жасоо 1,-1,5 ай мөөнөт алары айтылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД