Сокулук районунан айдоочу пенсионерди уруп кетти

Сокулук районунан айдоочу пенсионерди кагып кетти. Бул тууралуу Чүй ИИББнын маалымат кызматынан билдирди.

Өткөн дем алыш күнү, 6-октябрда болжол менен таңкы саат 6.00 чамасында "Фольксваген-Вента" үлгүсүндөгү машина Ново-Покровка айылынын 64 жаштагы пенсионерди уруп кеткен.

Жол кырсыгынын күнөөкөрү эсин жоготкон пенсионерди шаардык ооруканага жеткиргенден кийин изин суутуп качып кеткен.

Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД