Чек арачылар Суталиновдун Кыргызстандын чек арасынан өткөндүгүн төгүндөөдө

"Ак-Жол" чек ара бекетинин чек арачылары МУККнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун апрель окуяларынан кийин Кыргызстандын чек арасынан өттү дегенди четке кагууда. Бул тууралуу апрель окуясы боюнча соттук отурумда аталган бекеттин кызматкери Кубанычбек уулу Эмил билдирди.

"МУКК кызматкерлери үч күндүк видео жазууну алышкан. Качан алганын так билбейм", - дейт ал.

Ал өз көрсөтмөсүндө бекеттеги видео камералар профессионалдуу болбогондуктан ага түшкөн адамдын жүзүн аныктоо кыйын экенин белгиледи.

Суракка алынган үч киши тең Казакстан менен чектешкен аймактагы "Ак-Жол" бекетинен Суталиновдун өткөнүн көрбөгөндүктөрүн айтышты.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өз көрсөтмөсүндө Суталинов Алматыда жашагынан белгелеген.

Башка прокуратура Кылмыш кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок, Суталинов ага коюлуп аткан кылмыш иши боюнча күнөөсү жок экенин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД