Активисттер Бишкек мэрлигине Өмүрбек Суваналиевди колдоодо

"Жаңы мыйзамга ылайык шаардык кеңеш депутаттарынын укугу чоң. Депутаттар президентке жана өкмөткө көз каранды болбой, иштей турган мэрди өздөрү тандашат. Андыктан шайлоо таза өтүшү керек", - деп "Күч-Бирдикте" коомдук бирикмесинин өкүлү Төрөхан Жунусбеков журналисттерге билдирди.

Ал мэрлик кызматка жаңы адам эмес, буга чейин иште өзүн көргөзө алган талапкер келиши керектигин белгиледи.

"Мисалы, андай талапкер бар. Өмүрбек Суваналиев тартип орното аларын иш жүзүндө көргөздү", - дейт Жунусбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД