Тажибаевге пара берди деп шектелген соттор конкурстук тандоого киргизилбейт

Учурда конкурстук тандоого 30 соттун 22син катыштырбоо чечими чыкты. Алар Сот департаментинин директору Алтынбек Тажибаевге Жогорку соттун судьялыгы үчүн болгон электрондук тестирөөлөнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн пара берген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Соттор кеңешинин төрагасы Дастанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында 30 соттун сегизи табыла элек, андыктан аларга карата азыр эч кандай чечим кабыл алына элек.

Буга чейин "ВБ" Жогорку сотко караштуу сот департаментинин директору Алтынбек Тажибаев сотторду тандоо кокурсуна катышкан талапкерлердин электрондук тестирлөөнүн жыйынтыгын бурмалады деген шек менен кармалганын маалымдаган. Сот департаментинин директорун жана окуу борбордун адиси МУККнын убактылуу кармаоочу жайына эки айга камалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД