Бүгүн сотторду тандоо квалификациялык комиссиянын жыйыны болот

Бүгүн сотторду тандоо квалификациялык комиссиянын жыйыны болот. Мындай чечимди сот-укуктук маселелер боюнча парламенттик комиссиясы кабыл алды.

Комитеттин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Токтогул Туманов комиссия жыйынында электрондук тестирлөөнүн жыйынтыгын бурмалоо боюнча иш карала турганын билдирди.

Өзгөчө Сот департаментинин жетекчиси Алтынбек Тажибаевге пара берди деп шектелген 30 депутаттын бардыгын конкурска катыштырбоо же алардын 22сине гана тыюу салуу керекпи деген маселе каралат.

Эске салсак, азыр 8 сот табыла элек.

Буга чейин "ВБ" Жогорку сотко караштуу сот департаментинин директору Алтынбек Тажибаев сотторду тандоо кокурсуна катышкан талапкерлердин электрондук тестирлөөнүн жыйынтыгын бурмалады деген шек менен кармалганын маалымдаган. Сот департаментинин директорун жана окуу борбордун адиси МУККнын убактылуу кармаоочу жайына эки айга камалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД