Ысык-Ата районундагы христиан мүрзөөсү мазактоого тушукту

Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы христиан мүрзөөсүн мазактаган факты катталган. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматынын кызматкери Арсен Ажыгулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында 5-октябрдан 6-октябрга караган күнү белгисиз бирөөлөр көрүстөндөгү крестерди бузуп салгандыгы тууралуу эки аял кайрылган.

"Учурда келитирилген чыгым эсептелип, иликтөө иштери жүрүүдө", - дейт Ажыгулов.

Ал эки көрүстөндөгү крестер сынганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД