Курамында алтын бар кендерди Кыргызстандан алып чыгуу бир жылда 7 эсеге өскөн

"2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында курамында алтын бар 41,4 миң тонна кен Кыргызстандан сыртка алынып чыккан", - деп бюджет жана финансы комитетинин жыйынында экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Олег Панкратов билдирди.

Курамында баалуу металл бар кендерди ташып чыгууда экспорттук төлөм киргизүү боюнча токтомдун долбоору жыйында талкууланууда.

Панкратовдун айтымында, жыл сайын мындай кендерди алып чыгуу өсүүдө. "2008-жылы республикадан 4 миң 731,4 тонна кен ташылып кеткен. 2011-жылы бул көрсөткүч 8,7 эсеге жогорулап, 41миң тоннадан ашкан. 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөдөн курамында алтын бар 41,4 миң тонна кен ташылып кеткен. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 7 эсе көп", - дейт Панкратов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД