Президенттин аппаратын Ташиевдин ишин тергегендерди "башкарууда" деп шекшишүүдө

"Менин жактоочум Камчыбек Ташиевдин ишин карап аткан тергөөчүлөр ачык түрдө эле тапшырма күтүп атабыз дешүүдө. Бул иш саясый мотив алып, кимдир бирөө тапшырма берүүдө. Балким бул президенттин аппараты", - деп адвокат Икрамидин Айткулов маалымат жыйында билдирди.

Ал Биринчи Май райондук сотуна Ташиевге карата козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз деп таанууга чакырды.

Адвокат бул буйрутма болушу мүмкүн деп бир канча далилдерди келтирди. "Биринчиден Ташиев МУККга саат 10до барды. Аны таңкы саат 4кө чейин суракка алышты. Биз болсо бөлмөдө отурдук. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыктын жетекчиси Сариев тапшырма күтүп атканын айтты", - дейт ал.

Адвокаттын айтымында кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомдо митинг өкмөт үйүнүн алдында болгону жазылган. "Алар ушунчалык шашкандыктан, кайда болгонун да туура жазган эмес. Биз баарыбыз билебиз өкмөт үйүнүн алдында эч кандай митинг болгон эмес", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД