Сот департаментинин директорунун ордуна убактылуу Кожомбердиев келди

Эмгек Кодексинин 74,167-беренелеринин жана "КР Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү" мыйзамынын 20-беренесинин негизинде, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин директору Тажибаев Алтынбек жумуштан четтетилгендигине байланыштуу анын милдеттерин убактылуу аткаруу Бишкек шаарынын Свердлов районунун соттук аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу - Кожомбердиев Урматка жүктөлдү. Мындай буйрукка Жогорку Сот төрайымы Феруза Жамашева кол койду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчылыгы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД