"Асаба" партиясынын лидерин саясый туткун деп эсептөөнү талап кылышууда

"Асаба" партиясынын мүчөлөрү №1 убактылуу кармоочу жайында (СИЗО-1) отурган аталган партиянын лидери Салмоорбек Дыйкановду саясый туткун деп эсептөөнү талап кылышууда. Бул тууралуу алар бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Партия мүчөлөрү Дыйкановду КТРКнын түз эфиринде алтын кендерин иштетүү боюнча лицензияны сатууну үзгүлтүккө учураткан деп күнөөлөп атканын билдиришти. Алар 3-октябрда "Ата-Журт" партиясынын лидерлери уюштурган митингге катышкандыгы үчүн камалган дегенди төгүндөшүүдө.

"Биз мыйзам чегинде радикалдуу кадамдаргаг барууга даярбыз. Жөө жүрүш жасап, митингдерге чыгабыз", - дейт "Кырк чоро кыймылы" кыймылынын өкүлү Улан Рыскулов.

"Асаба" партиясынын лидери 5-октябрда камакка алынган. Маалымат жыйындын катышуучуларынын баамында Дыйканов саясый көз карашы үчүн камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД