Сотторду тандоо кеңеши тандоо конкурсунун 3-турун өткөрөт

Сотторду тандоо кеңеши бүгүн КР Жогорку Соттун Конституциялык палата судьялыгына талапкерлерге добуш берет.

Эске салсак, экинчи турдун жыйынтыгы менен 25 талапкер өткөн.

Кеңеш мүчөлөрүнө 25 талапкер тууралуу атайын бюллетень таратылат. Алардын 9 талапкерге добуш берүү укугу бар.

Кайсы бир талапкердин талапкерлигин кароодо жыйынга катышпаган кеңештин мүчөлөрү аларга добуш бере албайт.

13 же андан көп добуш алган талапкерлер Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялагына талапкер катары президентке сунуш түрүндө жөнөтүлөт.

Аталган кызмат ордуна 9 орун бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД